Бишкек, 30.04.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 2-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Ошондой эле 1-майдан 6-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба-ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, атап айтканда:
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусу;
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.