Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 19-майдан 23-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этегиндеги аймактарында аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ жарандарды сак болууга жана коопсуздук чараларын алдын ала көрүүгө чакырат.