ӨКМ Саламаттык сактоо министрлигине 9 тез жардам унаасын берди

Коом Загрузка... 30 Июнь 2026 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине 9 тез жардам унаасын берди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана эки министрликтин кызматкерлери катышты.

"Бул биз үчүн чоң колдоо. Медициналык кызматкерлердин калкка өз убагында жана сапаттуу жардам көрсөтүүсү үчүн транспорттун мааниси абдан чоң. Берилген автоунаалар биздин кызматкерлердин ишин жеңилдетип, өзгөчө шашылыш медициналык жардам көрсөтүүдө чоң жардам болот", - деди саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.

Ал белгилегендей, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги көп жылдан бери тыгыз кызматташып келет. Кырсык болобу, табигый кырсык болобу же башка өзгөчө кырдаалдар болобу, куткаруучулар менен медицина кызматкерлери дайыма бир команда болуп иштеп келишет. Мындай кызматташтык миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калууга өбөлгө түзүүдө.

"Бүгүнкү чечим ошол өз ара ишенимдин жана кызматташтыктын дагы бир жакшы мисалы болду. Дагы бир жолу чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Сиздерге чың ден соолук, күч-кубат жана жооптуу кызматыңыздарга ийгиликтерди каалайм. Эки министрликтин кызматташтыгы мындан ары да бекемделе берет деп ишенем", - деди министр.