ӨКМ айдоочуларды жумушка чакырат

Коом Загрузка... 04 Март 2026 17:02
648109404_1330044799168243_1780115547579100823_n.jpg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өчүрүү унаасын айдоочуларды жумушка чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, талапкерлер 21 жаштан жогору, ден соолугу чың, соттуулугу жок, Кыргызстандын жараны болууга тийиш.

В жана С категориясындагы 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар айдоочулук күбөлүгү (Е – артыкчылык) болушу керек.

Документтер 2026-жылдын 4-мартынан 4-апрелине чейин кабыл алынат. Дареги: Бишкек шаары, Осмонкул көчөсү 128.

Байланыш телефондору: 0312 43 91 16, 0312 43 91 09.