ӨКМ Оштогу өрт кырсыгына байланыштуу атайын комиссия түздү

Коом 21 октябрь 2025 16:45
565310658_1156_jVejcsu.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
564655151_1156_EjWDLV4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
565716363_1156_0JUajx3.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Ош шаарында чыккан ири өрт кырсыгын талдоо жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлиги билдирет.

Комиссияны министрдин орун басары Эрнест Жусупов жетектейт. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери, көп кабаттуу үйдүн суу гидранттары жана башка өрт коопсуздугунун талаптары каралууда.

Эске салсак, Ош шаарында көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, болжолдуу аянты 1895 чарчы метрди түздү. Тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМден 8 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, штаб чыккан.