ӨКМ кайсы шаарларда абанын сапатына байкоо жүргүзүлүп жатканын айтты

Коом 2 февраль 2026 13:25
ӨКМ кайсы шаарларда абанын сапатына байкоо жүргүзүлүп жатканын айтты
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Кыргызгидромет кызматы кайсы шаарларда атмосфералык абанын сапатына байкоо жүргүзүп жатканын айтты.

Анын айтымында, байкоо жүргүзүү иштери Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок жана Чолпон-Ата шаарларында жүргүзүлүүдө. Бул калктуу конуштарда 14 стационардык пост жана бир автоматташтырылган станция иштеп жатат.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда 50 автоматташтырылган датчик орнотулган. Мониторингдин маалыматтарына ылайык, айрым күндөрү абаны булгоочу заттардын суткалык орточо ченеминен 12 эсеге чейин ашып кеткен учурлар катталган.