Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги электромобилдерден чыккан өрттөрдү өчүрүү боюнча жаңы ыкмаларга өтүп, атайын жобо жана окутууларды иштеп чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, учурда тиешелүү башкармалык атайын жобо даярдап, 1-июлдан тарта усулдук машыгууларды жана окутууларды баштоо пландалууда.
“Өрт-куткаруу бөлүктөрүн кыдырууда бир кызматкер өлкөдө электромобилдер көбөйгөндүгүнө байланыштуу бул унаадан өрт чыкса кантип өчүрөбүз деген суроо берди. Бул мен үчүн абдан жакшы суроо болду. Анткени, замандын талабы менен заманбап техникалар көбөйүп, ушундай маселелер каралбай калыптыр. Андан соң, атайын башкармалык тарабынан жобо иштелип чыгып, бул багытта усулдук машыгууларды жана окутууларды 1-июлдан баштап уюштурганы турабыз. Негизи электромобилден өрт чыкса, оңой менен өчпөйт экен”, - деди Чыныбаев.
Министр белгилегендей, электромобилдерден чыккан өрттү өчүрүү оңой эмес жана жаңыча ыкма, методологияны талап кылат. Ал бул маселени көтөргөн кызматкерге ыраазычылык билдирип, мындай демилгелер кызматкерлердин ишине кайдыгер эместигин жана келечекти ойлогонун көрсөтөрүн кошумчалады.