ӨКМ: Электр жабдууларын этият пайдалануу өрт кырсыктарынан сактайт

Коом Загрузка... 20 Декабрь 2025 14:00
1_BfVOvSk.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.12.25. /Кабар/. Өрт кырсыктарынын 60 пайызы электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыгат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, электр жабдууларынан келип чыккан өрт — эң кооптуу жана олуттуу зыяндарга учураткан коркунучтуу кырсык.

Акыркы убакта көп кабаттуу үйлөрдө, жеке турак жайларда электр жабдууларынан келип чыккан өрттөр кескин көбөйдү. Статистиканы алсак, 2025-жылдын 11 айы ичинде 3388 өрт кырсыгы катталган болсо, алардын дээрлик 60 пайызы электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыккан. Айтсак:

- бузулган же эскилиги жеткен электр чубалгылары;
- электр зымдарын орнотууда туура эмес монтаждоо;
- ашыкча күч келтирүү;
- сапатсыз же арзан материалдарды сатып алуу;
- автоматтык которууларды туура эмес тандоо;
- кыска туташуулар, мындай өрт тез жайылып, адам өмүрүнө, үй-жайга жана мүлккө ири зыян келтирет.