Эңилчекте унаасы тыгылып калган чет элдик туристтерге жардам көрсөтүлдү

Аймак 5 сентябрь 2026 11:57
IMG_2242.jpeg
IMG_2243.jpeg
IMG_2244.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_2242.jpeg
IMG_2243.jpeg
IMG_2244.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМ

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Ак-Суу районуна караштуу Эңилчек айылындагы Ат жайлоосунун Кыдырма-Жар тилкесинде унаасы тыгылып калган чет элдик туристтерге куткаруучулар жардам көрсөтүштү.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 3-сентябрда Англия жана Австралиянын эки жараны Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаа менен Эңилчек дарыясынын нугуна тыгылып калганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын беш куткаруучусу ыкчам жөнөтүлгөн.

Куткаруучулар чет элдик жарандардын унаасын дарыянын нугуна тыгылган жеринен коопсуз аймакка чыгарып беришкен. Андан соң туристтер сапарын өз багыты боюнча улантышты.

Окуядан жабыркагандар жок.