Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Акыркы жылдары 30 жылдан бери жасалбаган иштер жасалып жатат деген сөз президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Клиникалык ооруканага” да тиешелүү, мекеменин бардык бөлүмдөрү капиталдык оңдоодон өтүп, жаңы медициналык жабдуулар менен камсыздалууда. Бул тууралуу аталган оорукананын Стоматология бөлүмүнүн башчысы Калмырза Эшкулов аталган оорукананын 80 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, учурда оорукананын бардык бөлүмдөрүндө капиталдык оңдоо иштери толук аяктап, заманбап медициналык технологиялар киргизилүүдө.
“Эл арасында 30 жылдан бери жасалбаган иштер жасалып жатат деген кеп көп айтылчу болду. Ошол биздин ооруканага да тиешелүү. Бизде азыр бардык бөлүмдөрдүн баары капиталдык оңдоодон өттү. Жаңы технологиялык аппараттар менен камсыздалууда, дагы жаңы жабдууларга тапшырык бергенбиз, жакында келет”, - деди ал.
Эшкулов белгилегендей, учурда клиникада жогорку технологиялуу жана заманбап операциялар жасалууда. Ошондой эле компьютердик томография жана лазердик скальпель сыяктуу заманбап медициналык жабдуулар колдонулууда.
Мындан тышкары, ооруканага жаңы имарат берилгенин айтып, анда оңдоо иштери башталарын, аяктагандан кийин жаңы бөлүмдөр ачыларын билдирди.
“Жаңы имараттын ремонтун баштаганы турабыз. Бүтсө, ал жакта да жаңы бөлүмдөр ачылат. Элге кызмат кылуунун ар түрдүү жаңыча ыкмалары колдонулуп, жаңы поликлиника ачылганы жатат”, - деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Клиникалык оорукана” мамлекеттик мекемесинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.