Көңүл буруңуз! 19-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт

Коом Загрузка... 16 Март 2026 19:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. 19-мартта Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ал күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактар:

  • Темир жол тилкеси — М. Фрунзе көчөсү — Аламүдүн суусу — Панфилов көчөсү;
  • Темир жол тилкеси — Матросов көчөсү — Горький көчөсү — Гвардейский туюк көчөсү — Бектенов көчөсү — Скрябин көчөсү — Мавлянов көчөсү — 7-Апрель көчөсү.

Суу "Көк-Жар" суу топтомосундагы пландык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.