Көк-Жар конушунда 500 орундуу мектептин курулушу башталды

Коом 2 февраль 2026 12:15
623777472_1403097217955990_6549686712753980156_n.jpg
623404220_1403097187955993_6801085194506044956_n.jpg
623221143_1403097281289317_3779196375257442841_n.jpg
624713502_1402628158002896_71082140743342750_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Бишкектин Көк-Жар конушунда 500 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Министр Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен мектептин долбоору жана курулуш аянты менен таанышып чыкты.

Аталган билим уясы №88 орто мектептин кошумча имараты болуп саналат. Бүгүнкү күндө долбоордук-сметалык документтери даярдалып, курулуштун алгачкы этабы башталды.

Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаарында жаңы 20 мектеп салынат.