Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын чекене баасы бекитилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күйүүчү-майлоочу материалдарга убактылуу мамлекеттик баа жөнгө салуу киргизилди.
АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензин, дизелдик отун жана суюлтулган көмүр суутек газына максималдуу чекене баалар төмөндөгүдөй:
- Аи-92: 79,80 – 84,40 сом,
- Аи-95: 88,90 – 89,90 сом,
- Дизель отуну: 93,80 – 97,30 сом,
- Автогаз: 45,80 – 48,80 сом.
“Айрым бийик тоолуу жана алыскы райондор үчүн күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүгө байланышкан кошумча транспорттук-логистикалык чыгымдарды эске алуу менен атайын максималдуу баалар каралган. Буйрук күчүнө киргенден тартып күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене бааларына күнүмдүк мониторинг жүргүзүлүүдө. Белгиленген максималдуу чекене баалардын ашырылган учурлары аныкталса, мыйзамдарга ылайык тиешелүү жоопкерчилик чаралары колдонулат”, - деп белгилешти Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан.
Ошондой эле аталган кызматтын маалыматы боюнча, 25-майдан 30-сентябрга чейин күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоочу жана саткан субъекттерге субсидия берүү боюнча убактылуу тартип киргизилди. Субсидиялар рыноктук жана белгиленген баалардын ортосундагы айырманы жабуу түрүндө берилет.
Белгиленген баалар:
- Аи-92 бензини — 860 АКШ доллары/тонна;
- Аи-95 бензини — 940 АКШ доллары/тонна;
- дизелдик күйүүчү май — 950 АКШ доллары/тонна;
- суюлтулган көмүр суутек газы — 575 АКШ доллары/тонна.