Кино сүйүүчүлөрдүн эсине: Бишкекте Монгол кино күндөрү өтүүдө

Маданият 10 Июнь 2026 12:40
717517055_1298256709132749_936168139203188330_n.jpg
718777167_1298256669132753_1767507904697103298_n.jpg
718131606_1298256729132747_8379546132033220837_n.jpg
718227046_1298256722466081_2312618592534034850_n.jpg
718697641_1298256662466087_4574802749327199841_n.jpg
718906713_1298256692466084_1111714482351210803_n.jpg
719891631_1298256802466073_1452960898877463068_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" кинотеатрында Монгол кино жумалыгынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кино жумалыгынын алкагында көрүүчүлөргө эл аралык кинофестивалдарда жогорку баага татыган монгол режиссёрлорунун тасмалары сунушталууда. Алардын катарында төмөнкү тасмалар бар:

  • "Горизонт" (Horizon) – режиссёр Батделгер Бямбасурен. Кино жумалыгынын ачылыш тасмасы;
  • "Жымжырт шаардын айдоочусу" (Silent City Driver) – режиссёр Сэнгэдорж Жанчивдорж. Тасма мыкты режиссура жана мыкты эркек ролу үчүн бир катар эл аралык сыйлыктарга ээ болгон;
  • "Салкын жел" (City of Wind) – режиссёр Лхагвадулам Пурев-Очир. Жаш шамандын турмушу тууралуу баяндаган драма. Аталган тасма Венеция кинофестивалынын "Горизонттор" программасына катышып, Монголиянын атынан "Оскар" сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлгөн.

Монгол кино күндөрү 9-12-июнь күндөрү өтөт. Кино көрсөтүүлөргө кирүү бардык каалоочулар үчүн ачык. Дареги "Ала-Тоо" кинотеатры, Чоң зал.