Кимдер ККМ колдонууга милдеттүү – видео

Экономика Загрузка... 10 Март 2026 14:25
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы ишкерлер үчүн көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуунун тартиби боюнча атайын түшүндүрмө видеоролигин жарыялады.

Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы убакта ишкерлер арасында "ККМ колдонуунун кереги барбы?" деген суроолор көп жаралууда. Жарыяланган видеодо бул багыттагы эң актуалдуу суроолорго жооп берилет.

Салык кызматы ишкерлерди мыйзам чегинде иш алып барууга жана заманбап санариптик чечимдерди колдонууга чакырат.