Кийинки жылы Эмгек министрлигинин бюджети 23,3 млрд сомду түзөт - Касымалиев

Коом Загрузка... 16 Октябрь 2025 12:55
1.webp
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. 2026-жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бюджети 23,3 млрд сомду түзөт, - деди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Бишкекте министрликтин 100 жылдыгына, Кыргызстандагы кесиптик бирликтер кыймылынын 120 жылдыгына жана Социалдык фонд кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарада.

Муну менен катар ал акыркы беш жылда жөлөкпулдардын өлчөмү эки-үч эсеге көбөйтүлгөнүн, жаңы социалдык программалар киргизилгенин белгиледи.

"Министрликтин 2026-жылга бюджети 23,3 млрд сомду түзөт. Социалдык кызматкерлердин тармагы кеңейди, курорттук дарылоону каржылоо көбөйтүлдү, министрликтин муктаждыктарына 77 автоунаа берилди. 2025-жылдын 1-октябрына карата 103 400 ата-эне “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун алышты.

Социалдык фонддун салымы да белгиленди: акыркы беш жылда пенсионерлердин саны 100 миңге көбөйдү, орточо пенсия дээрлик эки эсеге өстү. Биринчи жолу пенсиянын минималдуу өлчөмү жашоо минимумуна теңелди", - деди Касымалиев.