Киев көчөсүнүн бир бөлүгүндө эки тараптуу кыймыл киргизилди

Коом 01 Май 2026 11:50
1777562578.jpeg
1777562606_large.jpeg
1777562572.jpeg
Алдыга
Артка
1777562578.jpeg
1777562606_large.jpeg
1777562572.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 01.05.26 /Кабар/. Бүгүн, 1-майдан тартып Киев көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкесинде убактылуу эки тараптуу кыймыл киргизилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим Шопоков көчөсүндө жолду кеңейтүү иштерине байланыштуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана Киев көчөсүнүн өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Бишкек мэриясы айдоочулардан бул өзгөрүүлөрдү түшүнүү менен кабыл алууну, жол белгилерин так сактоону жана этият болууну суранат.