Киев көчөсүн реконструкциялоо: Бишкекте 14 автобустун каттамы өзгөрдү

Коом Загрузка... 16 Июнь 2026 09:10
724706006_1487138113462038_2433082338674700554_n.jpg
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Бүгүндөн тарта Бишкекте Киев көчөсүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу 14 автобустук каттамдын жүрүү чиймелери убактылуу өзгөртүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр төмөнкү каттамдарга тиешелүү:
№104, №212, №222, №254, №7Т, №25, №243, №216, №145, №103, №66, №42, №36 жана №24.

"Реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө аталган каттамдар айрым тилкелерде убактылуу альтернативдүү көчөлөр аркылуу жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Өзгөрүлгөн чиймелер менен бул шилтемеден таанышыңыз.