Киберкылмыштуулук: Интернет-шылуундардан кантип сактануу керек?

Коом Загрузка... 26 Июнь 2026 12:50
c5fe8408-93b6-41c5-8032-cbb738087f06.png
copyright icon WWW

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөн менчикке каршы кылмыштар бүткүл республиканын аймагындагы кылмыштуулуктун басымдуу бөлүгүн түзөт.

Прокуратурадан билдиришкендей, бүгүнкү күндө технологиянын өнүгүшү жана жашоонун санариптешүүсү менен бирге интернет-шылуундардын курмандыгы болгон жарандардын саны да күн санап өсүүдө.

"Шылуундар негизинен адамдардын ишенимине кирип, психологиялык басым жасоо ыкмаларын колдонушат. Акыркы убакта өлкөдө мамлекеттик органдардын атын жамынуу, белгилүү инсандардын атынан чыгуу, ошондой эле расмий сайттарга окшоштурулган жасалма шилтемелерди колдонуу көбөйдү. Кылмышкерлер технологиядан кабары азырак жана ишенчек улуу муундун өкүлдөрүн таап, аларды оңой эле тузакка түшүрүшүүдө. Албетте, мыйзамдуу өлкөдө ар бир кылмыш үчүн жоопкерчилик каралган. Эч ким жасаган кылмышы үчүн жазасыз калбайт",-деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан интернет алдамчылыгына байланыштуу козголгон кылмыш иштери Ленин районунун прокуратурасы тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынып, алардын ар тараптуу жана объективдүү тергелиши камсыз кылынууда.

Мындан сырткары, Ленин районунун прокуратурасы ар бир жаран өзүнүн каржылык жана санариптик коопсуздугуна биринчи кезекте өзү жоопкерчиликтүү экендигин белгилейт. Ал эми жарандарга төмөнкүлөрдү эскертет:

  • Банк карталарынын номерин, сыр сөздөрүн, атайын белгиленген коддорун эч кимге (атүгүл банк кызматкерине да) айтпаңыз.
  • Телефондон өзүн расмий органдын кызматкеримин деп тааныштырып, акча которууну же кодду сурагандарга ишенбеңиз. Анткени расмий кызматкерлер эч качан телефондон мындай купуя маалыматтарды сурабайт.
  • Келип түшкөн ар кандай шектүү шилтемелерди ачпаңыз, жеке маалыматтарыңызды же карта номерлерин киргизбеңиз.
  • Интернет аркылуу онлайн соода кылууда товарды колго алганга чейин акчаны алдын ала которуудан абайлаңыз.

Киберкылмыштуулук — бул замандын жаңы коркунучу. Андан коргонуунун эң натыйжалуу куралы — коркууга алдырбай, ар бир маалыматты тактоо жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу болуп саналат.