Киберкоркунучтарга каршы күрөш: Жаңы мониторинг системасы ишке кирди

Коом 584 12 Март 2026 17:16
650216388_18093098414030483_6317157171653162109_n.jpg
650739222_18093098426030483_8862602035207432718_n.jpg
651330658_18093098384030483_7130713013197385423_n.jpg
Алдыга
Артка
650216388_18093098414030483_6317157171653162109_n.jpg
650739222_18093098426030483_8862602035207432718_n.jpg
651330658_18093098384030483_7130713013197385423_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Санариптик өнүктүрүү министрлиги

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда Киберкоркунучтарды мониторинг кылуу борборун түзүү долбоорунун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министр Азамат Жамангулов жана Эл аралык электр байланыш союзунун өкүлү Наталья Мочу Киберкоркунучтарды мониторинг кылуу борборун түзүү долбоорунун алгачкы жыйынтыктарын талкуулашты.

"Долбоордун алкагында киберкоркунучтарды аныктоочу пилоттук мониторинг системасы ишке кирди. Бул система тармактагы коркунучтарды талдоого жана коопсуздукту күчөтүүгө жардам берет", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кийинки этапта системанын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аналитикалык инструменттерди өнүктүрүү пландалууда.