«Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинин 3-корпусу оңдолуп, ишке берилди

Аймак 1544 23 Май 2025 17:48
499757438_2088545081654508_5690830967724733102_n.jpg
499789318_2088545058321177_1765299310719617806_n.jpg
499759646_2088544981654518_5609832341226594045_n.jpg
499552196_2088544974987852_8290964268218971505_n.jpg
499712690_2088545028321180_4854137682352070862_n.jpg
500099824_2088545091654507_1543544938576838753_n.jpg
500376163_2088545011654515_6186050511554286599_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Иш башкармалыгынын маалымат кызматы

Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинин 3-корпусунда капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктады.

Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, заманбап шарттагы 200дөн ашык орундуу номерлер пайдаланууга берилди. Ар бир бөлмө жаңы эмерек, техника жана санитардык түйүндөр менен камсыздалган.

Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев белгилегендей, акыркы үч жылда өлкөбүздө бардык тармактарда, анын ичинде санаторийлер багытында да ири өзгөрүүлөр жүрүп жатат.

"Биздин башкы максатыбыз — элдин жашоо шартын жакшыртып, ден соолугун чыңдоо үчүн мыкты шарттарды түзүү. Бул — президентибиз тарабынан берилген түз тапшырма”,-— деп белгиледи Туманбаев.

Белгилей кетсек, дарылоо-сууда сүзүүчү бассейнди оңдоо иштери соңуна чыгып калды, ал эми жаңы поликлиника менен жээкке жакын жайгашкан корпустун курулуш иштери кызуу жүрүүдө.