Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, санариптештирүү багытындагы ийгиликтерге жогору баа берди.
Ал мекеменин ишинин натыйжалуулугуна токтолуп, заманбап санариптик кызматтардын маанилүүлүгүн белгиледи.
"Мен 18-25 жаштагы жаш, мыкты IT адистерди ыңгайлуу шарттарда иштеп, жогорку айлык маяна менен азыркы кылымда өлкө үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү санариптик чечимдерди түзүп жатканын көрдүм", – деди ал.
Ал паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү жана башка документтерди онлайн түрдө даярдоочу кызматтарга өзгөчө көңүл бурду.
"Эми КТБда кезек күтүүгө зарылчылык жок, ошондой эле кагазды колдонууну азайтуу менен мамлекеттик каражат үнөмдөлүүдө", – деди ал.
Ал ошондой эле документтерди коргоонун заманбап каражаттарынын, анын ичинде голограммалардын маанисин белгиледи, бул электрондук кызматтардын коопсуздугун камсыз кылат.
"Жетишкендиктерде токтобой, санариптик технологияларды өнүктүрүүнү улантып, өлкө XXI кылымда да атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек", – деп кошумчалады.
Эске салсак, президенттин тапшырмасы менен 2024-жылы “Кызмат” мамлекеттик мекемеси түзүлүп, президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлгөн. Өткөрүлгөн күндөн тарта президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин жетекчилиги астында санариптештирүү багытында тынымсыз иштер жүргүзүлүп, алгылыктуу көрсөткүчтөргө жетүүдө.