Кесиптик бирликтердеги реформа: Комитеттердин саны эки эсе кыскарды

Коом Загрузка... 22 Январь 2026 12:12
WhatsApp Image 2026-01-22 at 12.07.11.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.01.26 /Кабар/. Кесиптик бирликтер эки жылда өзүнүн негизги ишин жасоого өттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы мекеменин ишмердүүлүгүнө карата президент тарабынан катуу сындар айтылган. Себеби, кесиптик бирликтер акыркы убактарда мүлк жана жолдомо талашуу менен гана алектенип калган. 2024-жылы жаңы команда келип, эки жылдан бери үзүрлүү эмгектенүүгө өттү.

“Буга чейин мекеме жалпысынан 20 тармактык комитет жана 6 облустук комитеттерден турса, учурда 10 комитетке азайды. Обком, шаарком дегендер кыскарып отуруп, баштапкы кесиптик бирлик уюмдары тармактык комитетке, ал эми тармактык комитет федерацияга карап калды”,-деди.

“Кесиптик бирликтердин учурдагы түзүмү төмөндөгүдөй:

6037 - баштапкы кесиптик бирлик уюмдары;

347 560 – кесиптик бирликтин мүчөсү;

16 - мүчөлүк уюмдар;

39 - райондук комитеттер;

13 - шаардык комитеттер.