Кеминде айылга кирип келген ак илбирс жаратылышка кое берилди

Аймак 14 Январь 2026 17:40
616101025_874762328510231_7013542972151997375_n.jpg
615761642_874762318510232_7101701133580737301_n.jpg
Алдыга
Артка
616101025_874762328510231_7013542972151997375_n.jpg
615761642_874762318510232_7101701133580737301_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Кеминдин Боролдой айылында кармалган ак илбирс Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында табигый жашоо чөйрөсүнө ийгиликтүү кое берилди.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, жаныбар адистердин көзөмөлүндө бардык ветеринардык жана биологиялык текшерүүлөрдөн өттү. Анын жашы 3–4 жаш, эркек, салмагы 42,7 кг, узундугу болжол менен 2 метр.

"Ак илбирс убактылуу Чүй облусуна караштуу Сайлуу-Терек жайлоосундагы Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (НАБУ) филиалына караштуу жапайы жаныбарларды калыбына келтирүү борборуна жайгаштырылып, толук ветеринардык кароодон өткөндөн кийин бүгүн кайра жаратылышка кое берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жырткыч — ак илбирс Кемин районунун Боролдой айылына кирип келген. Кийин тийиштүү кызматкерлер аны кармап, коопсуз жайга чыгарышкан.