Кеминде айылга кирип келген ак илбирс коопсуз жерге чыгарылды

Аймак 30 Декабрь 2025 14:33
FB_IMG_1767083582489.jpg
FB_IMG_1767083584485.jpg
FB_IMG_1767083586391.jpg
FB_IMG_1767083588872.jpg
FB_IMG_1767083591354.jpg
FB_IMG_1767083593526.jpg
FB_IMG_1767083595839.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1767083582489.jpg
FB_IMG_1767083584485.jpg
FB_IMG_1767083586391.jpg
FB_IMG_1767083588872.jpg
FB_IMG_1767083591354.jpg
FB_IMG_1767083593526.jpg
FB_IMG_1767083595839.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Кемин районунун Боролдой айылында Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жырткыч — ак илбирс байкалган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, окуя 29-декабрда кечки саат 23:20 чамасында катталган.

Алынган маалыматка ылайык, ак илбирс айыл аймагына кирип, бакка чыгып кеткен.

Окуя болгон жерге министрликтин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери барып, жаныбарды коопсуз шартта бактан түшүрүшкөн.

Ак илбирс — Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ символдук жаныбар болуп саналат жана анын ар бир катталышы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында маанилүү окуя болуп эсептелет.