Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган заманбап ыкмалардын бири — гидропоника технологиясы активдүү киргизиле баштады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул ыкма өсүмдүктөрдү топураксыз, атайын азык заттар кошулган суу аркылуу өстүрүүгө мүмкүндүк берет.
Гидропониканын негизги артыкчылыгы — суунун аз сарпталышы жана түшүмдүн жогору болушу. Адистердин айтымында, бул технология салттуу дыйканчылыкка салыштырмалуу сууну 70-90 пайызга чейин үнөмдөйт жана өсүмдүктөрдүн өсүү ылдамдыгын кыйла жогорулатат.
Мындан тышкары, гидропоника ыкмасы менен өстүрүлгөн жашылчалар экологиялык жактан таза болуп, жыл бою үзгүлтүксүз түшүм алууга шарт түзөт. Бул өзгөчөлүк шаар шартында, чакан аянттарда жана жабык жайларда дыйканчылык менен алектенүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачат.
"Гидропоника — бул келечектин технологиясы. Ал азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга чоң салым кошот", — деп белгиледи долбоордун өкүлү.
Бул демилге айыл чарба тармагында инновацияларды колдоого, жаш ишкерлерди тартууга жана жергиликтүү рынокту сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоого багытталган.
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы фермерлерди ресурстарды үнөмдөөчү, заманбап жана натыйжалуу гидропоника технологиясына өтүүгө активдүү чакырат.