“Келечек” борборунда 2 миңден ашык бала реабилитациядан өттү

Коом Загрузка... 30 Март 2026 15:44
657061267_1402989018537434_7171041295032084450_n.jpg
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. "Келечек" реабилитациялык борборунда 2023–2026-жылдар аралыгында майыптуулугу бар 2044 бала реабилитациялык кызматтарды алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын биринчи кварталында 175 бала реабилитация курсунан өттү. Борбордун кызматтарын алган балдардын аймактар боюнча көрсөткүчү төмөндөгүдөй:

  • Бишкек шаары — 48 бала;
  • Нарын облусу — 29 бала;
  • Ысык-Көл облусу — 28 бала;
  • Чүй облусу — 25 бала;
  • Жалал-Абад облусу — 15 бала;
  • Талас облусу — 14 бала;
  • Баткен облусу — 9 бала;
  • Ош облусу — 7 бала.

"Келечек" реабилитациялык борбору 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдарга акысыз комплекстүү кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн. Борбордо Даун синдрому, жеңил деңгээлдеги акыл-эс өнүгүүсүнүн артта калышы, аутизмдин жеңил формалары, ошондой эле таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуулары бар балдарга жардам көрсөтүлөт.

"Борбор стационардык жана күндүзгү форматта иш алып барып, реабилитацияга комплекстүү мамилени камсыз кылат. Балдар райондук, шаардык жана райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын жолдомосу аркылуу, борбордун жетекчилиги менен макулдашуу негизинде кабыл алынат"— деп айтылат маалыматта.