Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Биринчи айым Айгүл Жапарова Самарканд шаарындагы өзгөчө муктаждыгы бар балдарга билим берүү жана реабилитациялык жардам көрсөтүүчү IMKON борборунун ачылышына катышты.
Иш-чара "Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу" аттуу Дүйнөлүк саммиттин жана Балдар онкологиясы боюнча II эл аралык конгресстин алкагында өттү.
Борбордо балдарга мектепке чейинки билим берүү, реабилитациялык, психологиялык жана коррекциялык-педагогикалык жардам көрсөтүлөт. Анда дарылоочу дене тарбиясы, акватерапия, музыкалык жана жомок терапиясы сыяктуу ыкмалар колдонулат.
Учурда Өзбекстанда мындай беш мекеме иштейт. Алардын ишмердүүлүгү мамлекеттик бюджеттен каржыланат.