Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Баткен облусунун жетекчиси Мамыржан Рахимов Сүлүктү шаарындагы "Этно плюс" балдарды калыптандыруу борборунун ишмердүүлүгүнөн кабар алды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, учурда борбордо жаш адистер жумушка тартылып, балдарга көрсөтүлүп жаткан кызматтардын жеткиликтүүлүгү камсыздалып, ата-энелердин түйшүгү жеңилдеп жатканы айтылды.
Облус башчысы борборго келген балдардын ата-энелери менен да баарлашты. Ата-энелер буга чейин балдарына калыптандыруу кызматтарынан пайдалануу үчүн Ош жана Бишкек шаарларына барууга туура келгенин айтып, мындай шарттын Сүлүктү шаарында түзүлгөнүнө ыраазычылыгын билдиришти.
Ошол эле учурда шаарда майыптыгы бар 149 бала каттоодо тургандыктан, иштеп жаткан жалгыз борбордун жетишсиз болуп жатканын белгилешти. Ушуга байланыштуу ата-энелер борбордун ишмердүүлүгүн кеңейтүү зарылдыгын айтышты.
Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров облус башчысына шаардагы бош турган эски имаратты жеринде көрсөтүп, аны капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү менен кошумча балдарды калыптандыруу борборун ачуу сунушун айтты.
Мамыржан Рахимов сунушту колдоп, каржылоо маселеси чечилерин белгиледи. Ошондой эле келерки жылга карата имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдоону тапшырды.
Белгилей кетсек, буга чейин облус башчысынын эл менен жолугушуусунда Сүлүктү шаарынын тургундары майыптыгы бар балдар үчүн калыптандыруу борборун ачуу өтүнүчү менен кайрылышкан.