Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Чүй районундагы Кегети капчыгайында сууга агып кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды. Маалыматты "Кабар" агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, баланын сөөгү кырсык болгон жерден болжол менен 2-3 чакырым аралыкта, издөө иштерине көмөктөшүп жүргөн жарандар тарабынан табылган.
"Маркумдун өздүгү туугандары тарабынан такталган. Андан ары сөөк тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди", - деп билдиришти.
Эске салсак, 23-июнь күнү Кегети капчыгайында Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа сууга түшүп кетип, ичиндеги 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала суу агымы менен агып кеткен.
Буга чейин жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында 12 жаштагы кыздын сөөгү табылган.