Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелден тарта Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчө жолдорду калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
Долбоорго жолду кеңейтүү, жаңы тротуарларды орнотуу, жаңы сугаруу системасын куруу жана эки катмар асфальт-бетон төшөө кирет.
"Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну, маршрутту алдын ала пландаштырууну жана альтернативдүү маршруттарды колдонууну суранат",-деп айтылат маалыматта.