Кедейкан көчөсүнө асфальт төшөлдү

Коом 17 ноябрь 2025 15:54
1763371081.jpg
1763371084.jpg
1763371088.jpg
1763371104.jpg
1763371107.jpg
1763371110.jpg
1763371115.jpg
Алдыга
Артка
1763371081.jpg
1763371084.jpg
1763371088.jpg
1763371104.jpg
1763371107.jpg
1763371110.jpg
1763371115.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Бишкектеги Кедейкан көчөсүнүн Мессарош көчөсүнөн Набережная көчөсүнө чейинки тилкесинде асфальт төшөө иштерин жыйынтыкталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштердин алкагында эски асфальт алынып, негиз грейдер менен тегизделип, виброкаток аркылуу тыгыздалды. Негиз даяр болгондон кийин адистер ысык асфальтбетон аралашмасын төшөп, иштерди толук бүткөрүштү.

Кийинки этапта жолчулар жаңы асфальттын деңгээлине ылайык 50дөн ашык кудук капкактарын көтөрө башташат, андан кийин жол белгилери чийилет.