Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн жеңүүчүсү кантип аныкталары боюнча Көчмөндөр оюндарынын медиа штабы түшүндүрмө берди.
Маалыматта белгиленгендей, Көчмөндөрдүн улуу күрөшү - көчмөн элдердин салттуу бел кур күрөш түрлөрүнүн негизинде бириктирилген күрөш.
Мелдеш салмак категорияларына бөлүнбөй, абсолюттук салмакта өткөрүлөт. Ага башка күрөш түрлөрүндө жеңишке жеткен балбандар гана катышат.
Күрөштүн негизги эрежеси - атаандашты жерге ыргытуу. Упай же балл эсептелбейт, ар кандай ийгиликтүү ыргытуу жеңиш болуп саналат.
Мелдештин жыйынтыгында бир гана абсолюттук жеңүүчү аныкталат. Жеңишке жеткен балбанга “Көчмөндөрдүн улуу балбаны” наамы ыйгарылып, анын ысымы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын улуу жеңүүчүлөрүнүн китебине алтын тамгалар менен жазылат.
“Күрөштүн эрежелери жана өткөрүү тартиби көчмөн элдердин салттуу күрөш түрлөрүнүн негизинде түзүлүп, мелдештин жүрүшүндө алардын тарыхый жана маданий баалуулуктары чагылдырылат”, - деп белгилешти медиа штабдан.