Бишкек, 22.08.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде ”Династия. Металл. Ат” аттуу монографиянын биринчи томунун бет ачары өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев баштаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар жана тарых илимине кызыккан коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Монографиянын авторлору – белгилүү мамлекеттик ишмер Өмүрбек Текебаев жана экономист Кубан Чоров. Авторлор бет ачар учурунда эмгектин мазмуну, изилдөөнүн жүрүшү жана китепти жазуу тарыхы тууралуу маалымат беришти.
Эмгекте Евразиянын көчмөн коомдорунун тарыхына жаңыча көз караш сунушталат. Авторлор көчмөн коомдорду отурукташкан цивилизациялардын четинде жашаган коом катары гана эмес, өз алдынча цивилизациялык өнүгүү тиби катары кароо зарылдыгын белгилешет.
Монографияда көчмөн цивилизациясынын өзүнө таандык чарбалык түзүлүшү, саясий институттары, технологиялары жана билимди сактоо ыкмалары болгондугу илимий маалыматтардын негизинде талданат.
Изилдөө археология, археогенетика, металлургиянын тарыхы, тил илими жана байыркы жазма булактардын маалыматтарынын өз ара дал келишине негизделген.
Иш-чаранын жүрүшүндө анын илимий жана коомдук мааниси талкууланып, тарыхты изилдөөдө жаңы концептуалдык багыттарды кароо зарылдыгы белгиленди.