Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Таластык ишкер Русланбек Кенжалиев төө буурчактан жасалган экологиялык таза протеин — "көчмөндөрдүн азыгын" иштеп чыкты.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жаңы азык ишкердин алты жылдык изилдөө жана тажрыйбасынын негизинде иштелип чыкты.
Бул продукт этке салыштырмалуу тоюмдуу болуп, жеңил сиңет жана балдардан тартып улгайган адамдарга чейин ылайыктуу. Учурда өндүрүш толугу менен кол эмгегине негизделип, айына 1,5 тонна продукция чыгарылууда, бирок суроо-талап мындан бир топ жогору.
Ишкердин айтымында, продукция кант диабети менен жабыркаган адамдарга, спортчуларга жана туура тамактанууну кармангандарга өзгөчө пайдалуу. Төө буурчак протеини кан шекерин төмөндөтүүгө, организмди тазалоого, энергияны көбөйтүүгө жардам берет. Продуктка Коргоо министрлиги да кызыгып, аскерлер үчүн азык катары колдонуу боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү айтылууда.
Өндүрүштү кеңейтүү үчүн ишкер HACCP стандарттарына жооп берген цех курууну пландоодо. Бул фермерлерди фасоль баасынын кескин төмөндөшүнөн коргоп, экспортко жол ачаары айтылат. Цех ишке кирсе, өндүрүш көлөмү айына 20 тоннага чейин жетип, жергиликтүү фермерлер үчүн туруктуу рынок түзүлөт деген ишеним жогору.