Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин кайдан көрүүгө болот: Бишкектеги фан-зоналар

Көчмөндөр оюндары-2026 128 16 Август 2026 12:00
IMG_1484.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 16.08.26. /Кабар/. Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата атайын фан-зоналар уюштурулат.

Мэриядан билдиришкендей, анда борбор калаанын тургундары жана коноктору ачылыш аземин, ошондой эле эл аралык саммиттин негизги иш-чараларын түз эфирде LED-экрандар аркылуу көрө алышат.

Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында болот. Мындан тышкары, шаар тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн төрт райондо фан-зоналар иштейт.

Октябрь району:

  • Тунгуч кичи районундагы “Тунгуч-1” сквери;
  • “Ынтымак-2” паркындагы амфитеатр;
  • Д. Асанов атындагы парк.

Ленин району:

  • Фучик атындагы парк;
  • Ак-Өргө конушундагы “Ашар” паркы;
  • Жал кичи районундагы “Муун” сквери.

Биринчи май району:

  • Ч. Түлөбердиев атындагы парк — Көкчөтай жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплекси;
  • Ак-Босого конушундагы сквер — Чүй көчөсү, 52.

Свердлов району:

  • Үсөнбаев көчөсү, 200/1 дарегиндеги “Алга” спорт комплекси;
  • Чыгыш-5 кичи районундагы №66 орто мектеп;
  • Энесай 1-көчөсү, 1 дарегиндеги №21 орто мектеп.

Белгилей кетсек, түз эфир башталганга чейин кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл топтордун катышуусунда концерттик программалар уюштурулат. Мындан тышкары, аянтчаларда фотозоналар, көргөзмө жайлары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары иштейт.

Ошондой эле коноктор үчүн улуттук оюндарга — тогуз коргоол, чүкө, беш таш жана башка интерактивдүү программа даярдалат.

Фан-зоналардын иштөө убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет.