Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 7-июлдан тарта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ММК) өкүлдөрүн аккредитациялоо башталды.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, каттоо үстүбүздөгү жылдын 20-июлуна чейин уланат.
"Оюндарды жеринен чагылдыруу үчүн аккредитациядан өтүү милдеттүү шарт болуп саналат. Каалоочулар атайын электрондук платформа аркылуу тиешелүү документтерди тапшырышы керек", - деп айтылат маалыматта.
Каттоого керектүү документтердин тизмеси:
- паспорттун көчүрмөсү (PDF форматында);
- байланыш телефону жана электрондук почтасы;
- ММКнын түрү жана ээлеген кызматы (журналист, фотокабарчы, оператор, блогер ж.б.);
- 3×4 өлчөмүндөгү санарип сүрөт (JPEG же PNG форматында).
Каттоого телевидение, радио, басма сөз, маалымат агенттиктери, интернет-басылмалар менен бирге блогерлер жана инфлюенсерлер да катыша алышат. Министрлик бардык ЖМК өкүлдөрүн белгиленген мөөнөттөн кечикпей каттоодон өтүүгө чакырат.
Байланыш маалыматтары:
- жооптуу адис: Акжолтоев Бакыт Таалайбекович.
- телефон: +996 509 552 955
- E-mail: akzholtoev1792@gmail.com