Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүүгө арналган жаңы аянтча курулду. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов Бишкекте өткөн оюндардын маданий программасынын бет ачарында билдирди.
Анын айтымында, ипподромдун аймагында маданий иш-чараларды өткөрүү пландалгандыктан, Маданият министрлиги Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте көк бөрү боюнча мелдештер өтө турган жаңы аянтча курду.
"Жаңы көк бөрү аянтчасында спортчулардын өздөрү кыялданган арена түзүлдү. Ипподромдо көрүүчү оюн талаасынан болжол менен 200 метр алыста болсо, жаңы аянтчада оюнду 10 метрге жакын аралыктан көрүүгө болот", - деди Максүтов.
Жаңы аянтча 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Анын конструкциясы тиешелүү сыноолордон, анын ичинде Формула-1 объектилеринде колдонулган коопсуздук талаптары эске алынган текшерүүлөрдөн өткөрүлдү. Арена четтерине коргоочу тосмолор орнотулган.
Маданият министри Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, аянтчанын конструкциясы жеңил чечилип-орнотулуучу элементтерден жасалган.
"Эрежелер бекитилди. Бул жолку оюндарда көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өткөрүлөт", - деди ал.
Максүтовдун белгилегендей, аренаны курууда эки оюндун тең өзгөчөлүктөрү эске алынган. Тактап айтканда, көкпар үчүн аянтчанын көлөмү чоңурак болот.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.