Бишкек, 22.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында иш-чара өтүүчү объекттерде телекоммуникациялык инфраструктура күчөтүлүп, туруктуу интернет жана байланыш кызматтары камсыздалат.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул багытта ”Кыргызтелеком” ААК жана ”ЭлКат” ЖЧК менен тиешелүү келишимдерге кол койду.
Келишимге ылайык, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы объектте атайын байланыш каналы аркылуу интернетке убактылуу жана акысыз жеткиликтүүлүк уюштурулат. Ошондой эле байланыш каналдарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү, туруктуулугу жана техникалык даярдыгы тесттик режимде текшерилет.
”Кыргызтелеком” Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына техникалык өнөктөш катары катышып, иш-чараны маалыматтык коштоого көмөк көрсөтөт.
Ал эми ”ЭлКат” ЖЧК оюндар өтүп жаткан учурда тиешелүү объекттерде интернет жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүп, техникалык колдоону камсыздайт.
Туруктуу байланыш инфраструктурасы оюндардын катышуучулары, коноктору, журналисттер жана уюштуруучулар үчүн зарыл шарттарды түзөт.