Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук мелдештери жана маданий иш-чаралары бүгүн, 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облусунда уланат.
Учурда Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасындагы “Этно базар” ачылды. Анда маданий программалар уюштурулуп, уста жана уз-чеберлердин, ошондой эле улуттук даамдарды жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.
Мындан тышкары, этношаарчанын спорт аянтчасында ордо боюнча мелдеш өтөт.
“Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда гореш, кураш жана монгол бох боюнча спорттук мелдештер уюштурулат.
Курманжан атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборундагы ачык асман алдындагы “Арт аянтчасында” сүрөт, скульптура жана керамика боюнча мастер-класстар, көргөзмөлөр жана маданий программалар өтөт. Ошондой эле “Көргөзмө аянтчасында” бир катар көргөзмөлөрдүн ачылышы пландалган.
Ал эми “Евразия” мейманканасында тогуз коргоол боюнча мелдеш өтөт.
Кечинде Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда “Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этно ыр фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары күн мурун Бишкек шаарындагы “Бишкек Арена” стадионунда расмий ачылып, 6-сентябрга чейин уланат. Оюндарга дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн спортчулардын катышуусу күтүлүүдө.