Сары-Жаз дарыясындагы эки көпүрө пайдаланууга берилди

Аймак 18 сентябрь 2026 11:00
copyright icon WWW

Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Сары-Жаз дарыясындагы Зайнулин жана Ак-Үңкүр көпүрөлөрү пайдаланууга берилди.

ӨКМден билдиришкендей, эки көпүрөнүн курулушу былтыр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан башталып, металл конструкциялардан салынган.

Зайнулин көпүрөсүнүн узундугу 76 метр болсо, Ак-Үңкүр көпүрөсү 143 метрди түзөт.

ӨКМ министри Канатбек Чыныбаевдин айтымында, мындай типтеги көпүрөлөр Кыргызстанда биринчи жолу курулуп жатат.

“Көпүрөлөрдүн алдына 8 метрден 12 метрге чейин мамылар кагылды. Курган ишкана 60 жылга чейин кепилдик берүүдө. Эгерде жакшы колдоно турган болсок, жүз жылга чейин кызмат кыла алат деп ойлойм”, - деди ал.