Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы жаратылыш коруктарынын биринде кулжалар адамдар жашаган аймакка жакындап, токойчунун үйүнүн жанында жүргөнү видео тасмага түшүрүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, токой кызматкери аймакты кыдырып жүрүп, суунун жээгинде турган ири кулжаны да видеого тартып алган. Адамды байкаган жаныбар кайра тоо тарапка качып кеткен.
Акыркы жылдары жапайы жаныбарларды коргоо жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо иштеринин натыйжасында аркар-кулжалардын санынын табигый өсүү тенденциясы байкалууда.