Ысык-Көлдө 300дөй аркар-кулжа чогуу оттоп жүргөнү байкалды – видео

Аймак 23 сентябрь 2026 11:45
WhatsApp Image 2026-09-23 at 08.32.52 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 08.32.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 08.32.51.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-23 at 08.32.52 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 08.32.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 08.32.51.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик жаратылыш коруктарынын биринде 300дөн ашуун аркар жана кулжа бир аймакта топ болуп, тынч оттоп жүргөнү байкалды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, мындай көрүнүш жаратылыш ресурстарын, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлар үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу багытындагы иштердин алкагында катталган.

Адистердин айтымында, жаныбарлардын эркин жана тынч жүрүүсү коруктун аймагындагы табигый шарттардын сакталып жатканын жана экосистемадагы табигый тең салмактуулукту көрсөтөт.

"Мындай көрүнүштөр өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоонун жана жапайы жаныбарларды коргоонун маанилүүлүгүн дагы бир ирет далилдейт", - деп айтылат маалыматта.