Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында "Көчмөндөр санаты" эл аралык салттуу музыка фестивалынын концепциясынын бет ачары өттү.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтов 1-6-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда өтө турган фестиваль аянтчаларынын негизги долбоорун сунуштады.
Бул фестиваль "Көчмөндөр ааламы: мезгилдер байланышы" бүткүл дүйнөлүк этномаданий фестивалынын бир бөлүгү болуп калат жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген аткаруучуларды, салттуу маданиятты изилдөөчүлөрдү жана конокторду бириктирет. Программанын негизги багыттары катары айтуучулук, аспаптык жана вокалдык-аспаптык искусство боюнча сынактар өткөрүлөт.
Алтынбек Максүтовдун айтымында, "Рух-Ордо" комплексинин аймагында сегиз тематикалык локация уюштурулат. Негизги өзгөчөлүктөрдүн бири катары – үстүнө улуттук боз үйлөр тигиле турган комуз формасындагы пирс болот. Бул жерде күн сайын саат 10:00дөн 22:00гө чейин концерттер, чыгармачылык жолугушуулар, мастер-класстар, көргөзмөлөр жана башка маданий иш-чаралар өтүп турат.
"Чыңгыз Айтматовдун музейинде эл аралык окумуштуулар менен жолугушуулар пландаштырылган, ал эми анын жанындагы ачык аянтчада театр сахнасы жайгашат. Боз үйлөрдүн биринде подкаст-студия иштейт, анда музейдин архиви үчүн коноктордун үнү жаздырылып алынат. Ошондой эле келген конокторго дүйнөдөгү көчмөн элдердин салттуу музыкалык аспаптарынын көргөзмөсү сунушталат.
Комплекстин аймагында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, этнобазар жана фуд-зоналар ачылат. Бардык сахна аянтчалары "Рух-Ордо" комплексинин архитектурасына шайкеш келген бирдиктүү этностук стилде жасалгаланат. Конокторго ыңгайлуу болушу үчүн башкы жолдун боюна багыттоочу стелалар орнотулат", - деди Максүтов.
Максүтов белгилегендей, фестиваль аянтчасынын бардык объекттери буга чейин сунушталган визуалдык концепцияга так шайкеш келтирилген абалда ишке ашырылат. Сахналык конструкцияларды, этнорынокту, боз үйлөрдү жана башка объекттерди куруу үчүн ири масштабдуу маданий мейкиндиктерди түзүүдө тажрыйбасы бар чет элдик адистер тартылган.
Ал ошондой эле долбоорлоо учурунда Ысык-Көл жээгинин климаттык өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи. Бардык конструкциялар катуу шамалды жана аба ырайынын мүмкүн болгон өзгөрүүлөрүн эске алуу менен эсептелген.
"Фестивалдын башкы аянтчасы катары үстү жабык амфитеатр кызмат кылат, анда төрт күн бою катышуучулардын конкурстук чыгуулары өтөт. Бул үчүн туурасы 24 метр, ал эми бийиктиги 10 метр болгон атайын сахна курулат. Жалпысынан фестивалдын алкагында "Рух-Ордо" аянтчасында 185 маданий иш-чара өткөрүү пландаштырылган, бул аны VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын эң ири борборлорунун бирине айлантат", - деди Максүтов.