Көчмөндөр оюндары: Негизги аянтчаларда медкызматтар уюштурулат

Көчмөндөр оюндары-2026 25 Август 2026 20:00
WhatsApp Image 2026-08-25 at 17.00.53.jpeg

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги аянтчаларында Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык кызматтары нөөмөттө турушат. Бул тууралуу оюндардын медиа штабы билдирет.

Медициналык жардам төмөнкү жерлерде уюштурулат:

  • Көчмөндөр цивилизациясынын музейи, Өрнөк айылы;
  • “Рух Ордо”, Чолпон-Ата шаары;
  • Ипподром жана дене тарбия-чыңдоо комплекси, Чолпон-Ата шаары;
  • “Дордой Номад”, Бостери айылы;
  • Кырчын капчыгайы.

Маалыматка ылайык, Кырчын капчыгайына жүз миңге чейин коноктун келиши күтүлүп жаткандыктан, бул жерде эң чоң медициналык камсыздоо уюштурулат.