Көчмөндөр оюндары: Кырчынга 300 кичи автобус акысыз каттайт

Көчмөндөр оюндары-2026 22 Август 2026 22:19
IMG_6229.jpeg

Бишкек, 22.08.26 /Кабар/. ДЕПО-2нин аймагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна катыша турган кичи автобустардын айдоочулары менен жолукту. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Эл аралык маанилүү иш-чарага даярдыктын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти 300 кичи автобус бөлүп жатат. Алар өлкө тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз жеткирүүнү камсыздайт.

Каттамдар төмөнкү үч багыт боюнча уюштурулат:

  • Бает айылы – Кырчын капчыгайы;
  • Чолпон-Ата шаарынын ат майданы – Кырчын жайлоосу;
  • Жаркынбаев айылы – Кырчын жайлоосу.

Бардык кичи автобустар тиешелүү техникалык даярдыктан өткөрүлүп, айдоочуларга атайын инструктаж жүргүзүлөт. Мындан тышкары, транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана күтүлбөгөн бузулууларды ыкчам чечүү үчүн 15 резервдик кичи автобус каралган.

Айдоочуларга кайрылып жатып, шаар башчысы бул иш-чарага катышуу ыктыярдуу негизде экенин жана бардык чыгымдарды мэрия өзүнө аларын баса белгиледи.

"Мэрия тарабынан бардык чыгымдар камсыздалат. Ар бир айдоочу үчүн зарыл болгон шарттар — жашаган жери, тамак-ашы жана транспорт бузулган учурда техникалык колдоо көрсөтүлөт", — деди Айбек Жунушалиев.