Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте өткөн жыйында жол эрежелерин так сактоо жана атайын кызматтардын унааларынын техникалык абалын талаптагыдай камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле чет өлкөлөрдөн келген делегацияларды тосуп алуу жана белгиленген маршруттар боюнча коштоп жүрүү учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.