Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык иштери акыркы баскычка чыкты. Спорттук, маданий жана илимий программанын негизги иш-чаралары 1-6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өтөт. Учурда алты негизги жайда бир убакта иштер жүргүзүлүп, эл аралык иш-чаранын катышуучулары жана көп сандаган коноктору үчүн зарыл болгон инфраструктура түзүлүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз катчысы Урмат Майрамбек уулу билдирди.

Анын айтымында, оюндарга көп сандаган коноктордун келиши күтүлүп жаткандыктан, даярдык иштеринде негизги объектилерге гана эмес, майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурулууда. Атап айтканда, санитардык зоналарды уюштуруудан тартып, келген коноктордун ыңгайлуу жүрүүсүнө чейинки бардык маселелер каралууда.
"Быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген коноктор абдан көп болорун түшүнүп турабыз. Ошондуктан ар бир элементке, ар бир конокко көңүл буруп, мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылып жатабыз", – деди ал.
"Курманжан датка" – көчмөн цивилизациясынын борбору
Негизги жайлардын бири – Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борбору. Бул жерде арт-Lab өтүп, илимий конференциялар уюштурулат.

Урмат Майрамбек уулунун айтымында, учурда объекттеги инфраструктуралык иштер акыркы баскычта турат. Зарыл болгон объектилердин, анын ичинде кошумча санитардык зоналардын курулушу аяктап жатат.
"Биз инфраструктурадан баштап коноктор үчүн түзүлгөн шарттарга чейин ар бир элементти карап жатабыз. Бул жерде даярдык иштери абдан жакшы жүрүп жатат, негизги курулуш иштеринин баары аяктап калды", – деди ал.
"Рух Ордо" борборунда ар түрдүү элдердин музыкалык мурасы тааныштырылат
Экинчи жай – Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борбору. Бул жерде салттуу музыкалык аспаптар жана вокалдык өнөр боюнча сынактар өтөт.
Уюштуруучулар 60тан 80ге чейинки өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышат деп күтүп жатышат. Катышуучулар өз элдеринин улуттук музыкалык аспаптарын тааныштырып, аткаруучулук жана ырчылык өнөрүн көрсөтүшөт.

Учурда жайда сахнаны жана декорацияларды даярдоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле аймакка киргенден тартып чыкканга чейин келген коноктордун бардык маршруту боюнча ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.
Чолпон-Ата ипподромунда "Көчмөндүн жаңырыгы" сынагы өтөт
Үчүнчү негизги жай – Чолпон-Ата шаарындагы ипподром. Чоң аренада өзгөчө жана таанымал үнү бар ырчылар катышкан "Көчмөндүн жаңырыгы" сынагы өтөт. Кыргызстан да тандоо турларынан өткөн өзүнүн катышуучуларын сунуштайт.

Учурда ипподромдогу негизги оңдоо иштери аяктады. Атап айтканда, келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кире бериш зоналары жана көрүүчүлөр үчүн орундар жаңыланууда.
Көк бөрү жана көкпар үчүн 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган трибуна орнотулду
Дагы бир жаңы жай Чолпон-Атадагы ипподромдун жанында жайгашкан. Бул жерге президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Маданият министрлиги сатып алган 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган көчмө трибуна орнотулду.

Бул жерде көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өтөт.
Урмат Майрамбек уулунун айтымында, жаңы трибуна көрүүчүлөргө мелдештерди мурдагыга караганда кыйла жакын аралыктан байкоого мүмкүнчүлүк берет.
"Буга чейин ипподромдо көрүүчүлөр көк бөрү жана көкпар оюндарын 100-150 метр аралыктан көрө алышчу. Азыр көчмө трибунанын жардамы менен алар мелдештерди болжол менен 10 метр аралыктан көрө алышат", – деди ал.
Объектилерде коопсуздукту камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын иштөө режими күчөтүлдү. Иш-чараларды өткөрүүгө өлкөнүн бардык аймактарынан Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тартылууда.

Бостериде этно-мода көрсөтүүсү өтөт
Бешинчи жай – Бостери айылындагы "Дордой Номад" амфитеатры. Бул жерде этникалык мода сынагы өтөт. Ага 80-100гө жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Учурда жайда инфраструктураны иш-чарага ылайыкташтыруу жана жаңылоо иштери жүрүүдө.

Кырчында этно-базар жана этно-ашкана уюштурулат
Оюндардын эң ири жайы – Кырчын жайлоосу. Бул жерде эки чоң тематикалык шаарчанын курулушу аяктап жатат.
Алардын биринчиси – этно-базар. Анын аймагында ишкерлер жайгашып, конокторго сувенирлерди, элдик кол өнөрчүлүктүн буюмдарын жана башка кол эмгегинен жасалган продукцияларды сунушташат.
Экинчи шаарча – этно-ашкана. Бул жерде белгилүү кыргызстандык ресторандар жана улуттук ашкананын өкүлдөрү жайгашып, мастер-класстарды өткөрүп, конокторду тамак-аш даярдоонун салттары менен тааныштырышат.

Мындан тышкары, Кырчындын аймагына боз үйлөр тигилип, Кыргызстандын жети облусунун ордолору уюштурулат. Ар кандай уюмдар да өз ордолорун көрсөтүшөт.
Жалпысынан алты күндүн ичинде алты негизги жайда 600гө жакын маданий иш-чара өткөрүү пландалууда.
Иш-чараларга билеттер 500 сомдон 4 миң сомго чейин болот
Министрликтин өкүлү билдиргендей, иш-чаралардын айрымдары акысыз өтөт, ал эми башкаларына билеттер менен кирүүгө болот.
Билеттердин баасы 500 сомдон 4 миң сомго чейин болору айтылды.
Тактап айтканда, Көчмөндөр цивилизациясынын борборунун аймагына жана Кырчын капчыгайына кирүү акысыз болот. "Дордой Номад" комплексиндеги иш-чараларга, ипподромдогу "Көчмөндүн жаңырыгы" сынагына жана "Рух Ордо" борборундагы музыкалык аспаптар сынагына билеттердин баасы 500 сомдон башталат.

"Жабылыш аземине билеттердин баасы тандалган орунга жараша 500 сомдон 4 миң сомго чейин болот. Билеттерди онлайн жана офлайн түрүндө сатып алууга болот. Иш-чаралар, аларга катышуу эрежелери жана билеттердин баасы тууралуу маалымат атайын маалыматтык материалдарда да жарыяланат",-деди ал.
Кырчынга жеке унаа менен кирүүгө болбойт
Быйыл Кырчындын аймагына жеке унаа менен кирүүгө болбойт. Конокторго ыңгайлуу болушу үчүн Өрнөк айылынан Ананьево айылына чейинки тилкеде унаа токтотуучу жайлар уюштурулду.

Унаасын токтоткондон кийин келгендер акысыз шаттл-автобустарды пайдалана алышат. Алар болжол менен ар беш мүнөт сайын каттап турат. Ошентип, келгендерге жеке унааларын уюштурулган унаа токтотуучу жайларга калтырып, иш-чара өтүүчү жерге чейин жолун шаттл-автобустар менен улантуу сунушталат.
Оюндарга 700 волонтер жана жүздөгөн журналист тартылат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө болжол менен 700 волонтер тартылат. Дагы 300 адам резервде болот.

Эл аралык иш-чараны маалыматтык жактан коштоого да өзгөчө көңүл бурулууда. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын 400гө жакын өкүлү жана 200дөй чет элдик журналисттин катышуусу күтүлүүдө. Жалпысынан ЖМК өкүлдөрүнүн саны 600-700 адамга жетиши мүмкүн.

Ысык-Көл облусунда жолдор жана инфраструктура жаңыланууда
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Айдана Имналиеванын айтымында, аймакта да оюндарды өткөрүүгө активдүү даярдык көрүлүүдө.
Атап айтканда, ар бир облустун ордосун даярдоо иштери уланууда. Ысык-Көл облусу үчүн 15 боз үй тигүү пландалууда: алардын үчөө сынактык программага катышат, дагы 12си конокторду кабыл алууга арналат.

Оюндарга карата Балыкчы шаарында айланма жол да курулду, ал эми Чолпон-Ата шаарында ички көчөлөр жаңыланып, жаңы жарык берүүчү чырактар орнотулду.
Аймактын тазалыгын камсыз кылуу үчүн таштанды челектери орнотулуп, эки таштанды ташуучу унаа сатып алынууда. Мындан тышкары, коопсуздукту камсыз кылуу максатында 76 видеокөзөмөл камерасы орнотулду. Алардын арасында Кырчын капчыгайына баруучу жолдо жайгашкан камералар да бар.
Коноктор үчүн акысыз транспорт уюштурулат
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын транспорт менен камсыз кылууга 300 кичи автобус тартылат. Алар өлкө тургундарын жана конокторун Кырчынга акысыз жеткирип турат.

Транспорт үч негизги багыт боюнча каттайт:
- Бает айылы – Кырчын капчыгайы;
- Чолпон-Ата шаарынын ипподрому – Кырчын капчыгайы;
- Жаркынбаев айылы – Кырчын капчыгайы.
Мындан тышкары, 15 резервдик кичи автобус айдоочулары менен кошо каралган. Алар иштен чыккан транспортту ыкчам алмаштыруу үчүн колдонулат.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев айдоочулардын транспорттук камсыздоого катышуусу ыктыярдуу негизде болорун белгиледи. Ошол эле учурда алардын катышуусуна байланыштуу бардык чыгымдарды мэрия өзүнө алат. Айдоочулар үчүн жатакана, тамак-аш жана техникалык колдоо каралган.
Оюндарга улуттук курама команданын формасы даярдалды
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын улуттук курама командасынын параддык жана спорттук формасы даярдалды.
"Байра" компаниясы оюндардын ачылыш аземине арналган форманы иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча сынактын жеңүүчүсү болду. Улуттук команданын спорттук кийимдерин Joma бренди даярдады.

Быйыл Кыргызстандын улуттук курама командасы өлкөнүн атынан спорттун 42 түрү боюнча чыгат.
13-августтан бери Бостери айылында улуттук курама команданын окуу-машыгуу жыйындары өтүүдө. Ага ат оюндары боюнча – көк бөрү, көкпар, эр эңиш жана тыйын эңмей, улуттук күрөштүн түрлөрү, таяк тартыш, кол күрөш, аркан тартыш, тогуз коргоол, мангала жана овари сыяктуу интеллектуалдык оюндар, салттуу жаа атуу, ордо боюнча спортчулар, ошондой эле "Салбуурун" улуттук аңчылык өнөрүнүн алгыр куштар жана аңчылык иттери менен алектенген өкүлдөрү катышууда.
"Бишкек Аренада" ачылыш аземине даярдык көрүлүүдө
Ачылыш аземине даярдык иштери Бишкек шаарында да жүрүүдө. 22-августта президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионундагы даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасын жана анын аймагындагы негизги объектилерди, анын ичинде комплекстин негизги коомдук жайларынын бири болгон соода борборун көрүп чыкты. Президентке ошондой эле алдыдагы ачылыш аземинин айрым фрагменттери көрсөтүлдү.
Оюндар өтүүчү жайларда телекоммуникациялык инфраструктура күчөтүлүүдө
Оюндар учурунда байланыштын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында Маданият министрлиги "Кыргызтелеком" ААК жана "ЭлКат" ЖЧК менен келишимдерди түздү. Анын негизинде Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы объектте атайын бөлүнгөн байланыш каналы аркылуу интернетке убактылуу жана акысыз кирүү мүмкүнчүлүгү уюштурулат. Адистер каналдардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, туруктуулугун жана техникалык даярдыгын текшеришет.

"Кыргызтелеком" ошондой эле оюндардын техникалык өнөктөшү катары иш алып барып, иш-чараны маалыматтык жактан коштоого көмөк көрсөтөт.
Өз кезегинде "ЭлКат" оюндар өтүп жаткан мезгилде тиешелүү объектилерде интернетке кирүү жана маалыматтарды берүү кызматтарын, техникалык колдоону жана байланыштын талаптагыдай сапатын камсыз кылат.
Ошентип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык спорттук жана маданий жайларды куруу жана жаңылоо менен гана чектелбестен, Ысык-Көл облусунун транспорттук, телекоммуникациялык жана туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүнү да камтыйт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин өтөт. Ага дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн спортчулар жана маданият өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Спорттук мелдештерден тышкары, программанын алкагында көчмөн элдердин тарыхый жана маданий мурасын эл аралык коомчулукка таанытууга багытталган масштабдуу маданий, этнографиялык жана илимий иш-чаралар өткөрүлөт.
Оюндун ачылыш аземи 31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө туш келип, Бишкек шаарындагы "Бишкек Арена" стадионунда өтөт. Ал эми негизги спорттук жана маданий иш-чаралар Ысык-Көл облусунда уюштурулат. Оюндарга 90дон ашык өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчунун катышуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2026-жылы Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары иш алып барып, дүйнө элдеринин көчмөн маданиятынын мурасын сактоого жана жайылтууга багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана бир нече тилде чагылдырат.
"Кабар" КУМА – 1937-жылы негизделген Кыргызстандын биринчи маалымат агенттиги. Агенттик Кыргызстандагы, Борбордук Азиядагы жана дүйнөдөгү маанилүү окуяларды кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде чагылдырат.
Бүгүнкү күндө "Кабар" дүйнөнүн алдыңкы эл аралык маалымат агенттиктери менен кызматташып, ата мекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн расмий маалыматтын негизги булактарынын бири болуп саналат.