Көчмөндөр оюндары: 300 ыктыярчы спорттук оюндар боюнча окутуудан өттү

Көчмөндөр оюндары-2026 Жүктөлүүдө... 10 Июль 2026 16:05
742405839_2113499462562107_9085994333453918418_n.jpg
742586362_1040380688548936_7348070940007885690_n.jpg
742726649_1344822331131012_9107703243060613465_n.jpg
742929966_2008346073251498_1361714262148939359_n.jpg
742998037_3051898235006014_5465974632437158199_n.jpg
743050547_999674936309903_7026339928297135873_n.jpg
743337450_1619426653014993_7939983001321179_n.jpg
743659120_1034837032275913_4454058720058265767_n.jpg
743699527_1757178679063742_238425618478544364_n.jpg
744358056_3200489923468556_152331083247759025_n.jpg
744783764_1503087924400572_3580314894055249336_n.jpg
744783792_1053247294323043_1064095463607564255_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз экономикалык университетинин башкы корпусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында ыктыярчылар үчүн акыркы окутуу лекциясы өткөрүлдү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, лекциянын негизги темасы "Спорттук оюндар" болду.

Иш-чарага маданият министри Мирбек Мамбеталиев, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясынын жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага 300 ыктыярчы катышып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги багыттар боюнча окутуудан өтүштү.

"Лекциянын жүрүшүндө катышуучулар улуттук спорт түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрү, мелдештердин программасы, ошондой эле оюндарды өткөрүү мезгилиндеги ыктыярчылардын милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу кеңири маалымат алышты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул окутуу ыктыярчыларды VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына сапаттуу даярдоого багытталган акыркы лекция болуп, алардын алдыдагы ишмердүүлүгүнө маанилүү өбөлгө түзөт.