“Күч” видеоролиги: күч менен чыдамкайлык айкалышканда

Көчмөндөр оюндары-2026 Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 11:20
copyright icon Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай улуттук спорт түрлөрү аркылуу оюндардын спорттук программасын тааныткан “Мурас-Кыймылда” аттуу атайын видеотасмалар сериясы сунушталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үч видеоролик көчмөн элдердин кылымдар бою жашоо-турмушунун ажырагыс бөлүгү болуп келген жана улуттук спорт түрлөрүндө чагылдырылган үч негизги сапатты: тактык, ылдамдык жана күчтү баяндайт.

“Күч” видеоролигинде улуттук күрөш, мас-рестлинг, аркан тартыш жана стронгмен камтылды. Бул спорт түрлөрү адамдын күчү чыдамкайлык, атаандашка болгон урмат-сый жана бекем рух менен айкалышат.